Таабалды уулу Алымкул

Википедия дан

Таабалды уулу Алымкул (1878, Чоң-Кемин өрөөнү, Абыла айылы - 1967) — Чоң-Кемин өрөөнүндө жергиликтүү элдердин 1916-ж. улуттук-боштондук күрөшүн жетектегендердин бири. Анын демилгеси менен 1916-ж. 9-августта Атаке болуштугунда элдин падыша бийлигине каршы көтөрүлүшү башталган. А. башында турган жүзгө жакын көтөрүлүшчүлөр: согушка барбайбыз, андан көрө орус оторчулары менен кармашып жатып, өз жерибизде өлөбүз, деп ант беришкен. Аларга Шабдан баатырдын уулдары Мөкүш, Самүдүн жана ошол кездеги Атаке болуштугунун болушу Солтоноев Белек Солтонкелди уулу ж. б. таасирлүү адамдар кошулуп, алардын саны өсүп, бир нече миңге жеткен. Көтөрүлүшчүлөр Новороссийка (азыркы Шабдан), Самсоновка станицасы (азыркы Боролдой) сыяктуу орус кыштактарына кол салышкан. Падыша аскерлеринин жазалоочу отряддары начар куралданган көтөрүлүшчүлөрдү тез эле талкалаган. Жеңилген эл Кытайга качууга аргасыз болгон. Кайра кайтып келгенден кийин Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкан. Алымкул Таабалды уулу кыргыз эл жазуучусу А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романынын баш каармандарынын бири.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]