Таарик сүрөсү
- 86-сүрө
Таарик сүрөсү (1) тешүүчү жылдыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Меккеде түшүрүлгөн. 17 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант
- 2. (О, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң.
- 3. Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз
- 4. Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар.
- 5. Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын1
- 6. Атырылган (бел) суудан жаратылган.
- 7. (Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат
- 8. Ал (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү!
- 9. Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө.
- 10. (Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт (2)
- 11.Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу!
- 12. Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү:
- 13. Ал (Кураан) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз!
- 14. Азил-тамаша (сөз) эмес!
- 15. Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат.
- 16. Мен дагы амалкерлик кыламын.
- 17. Эми, сен (О, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер (3)