Табакчалар
Көрүнүш
Табакчалар (итал. Piatti) — идиофондор түркүмүндөгү байыркы музыкалык аспап.
Ортосу кесе сымал чуңкурайтылган эки табакча. Адатта кошулма (куйма) металлдан жасалат. Бири-бирине кагыштыруудан добуш алынат. Алар калыңдыгы жана чоңдугу боюнча бири-биринен айырмаланат да, кичи, орто жана чоң болуп үчкө бөлүнөт. Азыркы аткаруучулук тажрыйбада түрк Табакчалар, кытай Табакчалар, антикалык Табакчалар жана чарльстон деп аталган түрлөрү колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.