Табалдиева Венера Шаршенбековна
Табалдиева Венера Шаршенбековна (26. 1. 1961-жылы туулган, азыркы Бишкек) – юрист, юридика илимдеринин доктору (2004), профессор (2010). КМУну (1991), РФтеги Ички иштер министрлигинин академиясынын адъюнктурасын (1997) бүтүргөн. 1982–90-жылдары Кыргыз ССР Ички иштер министрлигинин алдындагы саясий бөлүмдө бөлүм башчы, 1990–93-жылдары Тергөө башкармалыгынын текшерүү-методика бөлүмүнүн инспектору, 1993–94-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жогорку мектебинде окутуучу, 1997–98-жылдары илим-изилдөө бөлүмүнүн улук илимий кызматкери,1998–2000-жылдары начальниктин орун басары, 2000–01-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясында кафедра начальниги, 2004–07-жылдары кылмыш изилдөө кафедрасынын профессору., 2007–11-жылдары окумуштуу-секретарь, 2011–13-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өздүк курам менен иш жүргүзүү башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Эмгектери: Международное сотрудничество в сфере уголовного судопроизводства. М., 2004. .
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9