Табалдинов, Каратал

Википедия дан

Кыргыз ССРинин Юстиция Эл комиссары Табалдинов Каратал (1936-1937 жж.) – күчкө толуп турган учурунда сталиндик жазалоонун курмандыгына айланган улуттук юристтердин бири. Табалдинов Каратал 1899-жылы 3-ноябрда Кант районунун Кара-Жыгач айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөөсүндө туулган. Атасы эрте каза болуп, энеси үч баласы менен жалгыз калган.
Каратал өспүрүм кезинде эле билим алууга ынтызар, эмгекчил, өтө зээндүү бала болгон. Ал бала кезинде эле анда – бардык нерсеге умтулуу мүнөзү калыптанган. Ал 19 жашында ыктыярдуу милиция кошуунунун катарына кирип, 1918-жылы партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынган. Өз алдынча окуп, сабатсыздыгын жоюу үстүндө иштеген. Анын китептерди окуусу, элдер менен олуттуу темаларда маектешүүсү келечегине жакшы таасир берген. Каратал Кант, Токмок, Аламүдүн райондорунун профсоюз жана партия уюмдарында иштеген. 1928-жылы Каратал Табалдинов Фрунзедеги 2 айлык даярдоо курсуна, андан Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетинин (САКУ) өнөр жай факультетине жөнөтүлгөн Ал мезгилдин 20-жылдарында бул университет Орто Азияда окугандар үчүн кат-сабаты араң жоюлган адамдан, аны аяктаган соң өз ишинин профессору болуп кайткан кадрларды чыгарган устакана сындуу окуу жай эле. САКУнун 2-курсунда Табалдинов Караталды Тажикстан партиясынын райкомунун Биринчи катчылыгына, андан соң Ош облусунун Өзгөн районунун МТСнин жетекчилигине жиберилген. Бул Совет бийлиги орногондон кийинки оор жылдар эле. Ал бул жерде басмачылык топтор жана башка душмандар бийлигин жүргүзүп турган мезгилде, караңгы элдин ичинде саясий жана коомдук агартуу ишин жүргүзүү зарылдыгы турган учурда иштеген. Совет бийлигинин адилеттигине ишеним – ага иштөө үчүн күч-кубат берген.
1934-жылы Москвадагы Укуктук Академиянын жогорку академиялык курсуна кирип, аяктагандан кийин Башкы соттун төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган.
1936-жылы Өкмөттүн чечими менен К.Табалдиновду Кыргыз ССРнин Юстиция министри кылып бекиткен. Ал бир жылдан ашыгыраак иштөө менен сотторду окутууну жөнгө салуу, штаттын санын көбөйтүү, мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө, укуктук мектептердин иштерин текшерүү, ж.б. маанилүү иштерди жасаганга жетишкен.
К. Табалдинов кадрларды туура тандоого аракеттенген. Анын мыкты адистигин, тажрыйбалуу кадрлардын жетишсиздигин сезип, СССР Юстиция Эл комиссары Н. Крыленкого Москвадан кадрларды жиберүүнү өтүнгөн телеграммасынан билсек болот.
Алдыңкы катардагы кызматка жеткен, жөнөкөй, көтөрүлбөгөн, чечкиндүү адам, өзүнүн жамаатына, кызматкерлерине, айылдаштарына карата орой мамилеге жол бербейт болчу.
1937-жылы 11-октябрда Эл комиссары Табалдинов Каратал социал-туран партиясынын мүчөсү жана контрреволюциялык ишмердүүлүгү боюнча деген негизсиз жүйөө менен камакка алынган.
Аны 1937-1940-жж. НКВДнын жана республикалык прокуратуранын тергөө процессиндеги кыйноодо, күнөөсүн моюнуна албаганын документтер далилдеп турат.
1940-жылы 23-декабрда Өзгөчө жыйындын чечими менен республиканын биринчи Юстиция эл комиссары Ыраакы чыгыш ГУЛАГына жөнөтүлүп, оор оорулууну Чита облусунун Слободка айылына калтырып кетишкен. Анын андан аркы тагдыры тууралуу маалымат калган эмес.
1956-жылы 31-июлда К. Табалдинов акталган.