Табарсыктын боштугу (түнкү энурез)

Википедия дан

Табарсыктын Боштугу (түнкү энурез) — түнкүсүн уктап жатып заара ушатып коюу. Көбүнчө балдарда болот. Оору негизинен борбордук нерв системасынын табарсыктын функциясын жөндөөчү бөлүгүнүн иши убактылуу (функциялык) бузулгандан келип чыгат. Кээде заара жолдорунун туура эмес өсүшүнөн, анын сезгенишинен жана жүлүндүн заара чыгарууну жөнгө салууга катышуучу бөлүгү ооруга чалдыккандан жана башкалар болушу мүмкүн. Көп учурда бала чоңойгондо (12—16 жашында) түнкүсүн заара ушатып коюу токтолот. Ошондой болсо да анын себебин табуу үчүн баланы текшерүүдөн өткөрүп, дарылоону эрте баштоо керек. Энурездин алдын алуу үчүн баланы кичинесинен убагында заара ушатууга үйрөтүү (баланы уктар алдында жана түнкүсүн ойготуп заара ушаттыруу), кечинде суюктукту көп бербөө керек. Күн тартибин туура уюштуруп, көңүлүн чөктүрбөй, үйдө тынчтыкты сактоонун жана денени чыңдоонун мааниси чоң. Бала заара ушатып койгон учурда аны жемелөөгө болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8