Табигый ресурстар, жaратылыш
Табигый ресурстар, жaратылыш ресурстары адамзаттын жашоосуна керектүү, коомдун материалдык жана маданий муктаждыктарын канааттандыруу максатында чарбада пайдаланылуучу жаратылыш элементтери; айлана-чөйрөнүн маанилүү компоненттери; адамдын жашоосуна зарыл болгон табигый шарттардын жыйындысынын бир бөлүгү. Табигый ресурстардын негизги түрлөрү пайда болуусуна жараша төмөнкүчө бөлүнөт: минералдык, биологиялык. Табигый ресурстарды калыбына келтирүү үчүн адамзатты иш-чараларга тартуу жана табиятты туура колдонуу жана коргоо проблемасын курчутуу. Табигый ресурстардын азайышына жол бербөөнүн негизги шарттары – коом менен айлана-чөйрөнүн зат алмашуу боюнча өз ара гармониялуу аракеттенишин камсыз кылуу, ресурстарды туура жана комплекстүү пайдалануу, сырьёнун, отундун жана энергиянын жаңы булактарын табуу болуп эсептелинет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9