Табигый чайырлар
Табигый чайырлар — өсүмдуктөр нормалдуу фиэиологиялык алмашуу процессинде жана аларды сактоодо бөлүп чыгаруучу заттар. Т. ч. ийне жалбырактуу (карагай, арча сыяктуу) өсүмдүктөр негизги компонентин түзөт (65%). Тропиктик өсүмдүктөр алар менен өтө бай. Сууда эрибейт; спирт, эфир, эфир майларында жана башка органикалык эриткичтерде эришет. Т. ч. ар түрдүү класска кирген химимялык бирикмелерден турат: 1. Резинол жана чайыр к-талары — түссүз кристаллдар; эркин түрүндө канифолдо кездешет. 2. Чайыр спирттери же резинол, ошондой эле резинотаннол; алар эркин түрүндө же эфир түрүндө кездешет. Элеми чайырынан кристаллдык резинол, мисалы, a- ж-b-амирин С30Н50 О бөлүнүп алынган. Резинотаннол түстүү аморфтук зат болот. 3. Индиференттүү заттар же резендер; алардын химимялык жаратылышы аз изилденген. Алар конц. к-та жана щелочтор таасирине туруктуу келет. Кээ бир табигый чайырларда резендер саны көп болот, мисалы, акакта 70% жакын. Т. ч. мурда өтө кеңири колдонулуп келген, бирок кийинки мезгилдерде алар синтет. чайырлар менен алмаштырылган. Азыр да медицина, парфюмерия, өнөр жайда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6