Актан уулу, Табылды

Википедия дан
Табылды Актанов‎»‎ барагынан багытталды)

Табылды Актан уулу (совет доорундагы тегаты - Актанов) (1949-жылы 12-мартта Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында туулган)

Кыргыз Республикасынын эл артисти(1993), III даражадагы "Манас" орденинин ээси (2020).

Обончу, төкмө, драматург, режиссёр, театр жана кино актёру. Кыргыз элинин улуу манасчысы Тыныбек Жапый уулунун небереси, ак таңдай акын Актан Тыныбековдун уулу. Бир нече пьесалардын автору. Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табылды Актан уулу Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын (мурдагы Тянь-Шань) районунда Өрнөк айылында (Миң-Булак айыл аймагында) 1949-жылы 12-мартта жарык дүйнөгө келген.

Анын бир агасы Улуу ата мекендик согушка кетип, кайтпай калган. Эжеси Батыйна коңшу Эчки-Башы айылына турмушка чыгып, орус тили сабагынан баштапкы класстарга сабак берип жүрүп ардагер болду.

“Обон” гезитинин кабарчысы Анара Дүйшөналиева менен курган маегинде Табылды Актан уулу ата-тегин жана бала чагын мындайча эскерет (19.1.2010.):

“Менин чыгармачылыгым капыстан эле боло калган нерсе эмес, менин чоң атам Тыныбек, өз атам Актан да өнөрлүү адамдар болгон. Үзүлбөй келе жаткан өнөрдүн үчүнчү мууну менмин. Апам Шаарбүбү сексен экиге чыгып көз жумду. Менин тарбиячым, насаатчым дагы апам болду. Анткени атам мен эки жашка чыкканда эле кан басымы жогору болуп, мурду канап жатып каза болуптур.

Ошентип атанын тарбиясын деле көргөн жокмун. Эжем турмушка чыгып кетти, апам экөөбүз бир үйдө жалгыз калдык. Атамдын төрт-беш аялы болуптур, бирок кетирип ийбей биринин үстүнө экинчисин ала бериптир. Апам үчүнчү аялы болот.

Апам "Сенин атаң мындай эле, чоң атаң мындай эле" деп алардын талантын, өнөрүн элине кылган кызматын кулагыма кумдай куюп айта берээр эле. "Балам, мага карабай сен да атаңдын өнөрүн улант, менин оокатым өтө берет" деп мени он сегизге чыга электе Жумамүдин Шералиевдин колуна салып берди.

Анын үстүндө мен үчүнчү-төртүнчү класста окуп жүргөндө комуз чертип калчумун, ошондон улам "Баягы Актандын уулу чоңоюп калса керек, айылда калбай өнөрүн өстүрсүн" дешип театрга киргизишкен. Мен Москвадан, Ташкенттен, Ленинграддан окубай калдым, менин мектебим айылдагы эле театр болду. Билим алсам жакшы болмок, бирок апама каралап алыс кете алган жокмун”.

Табылды Актан уулу 1968-жылы Нарын шаарына келип, театр өнөрүндө ишмердигин баштаган. Ага чейин эле ал өз айылында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып жүрчү.

Далай жылдар бою Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрында эмгектенди.

Эгемендик доорунда, 1990-жж. “Манас руху” аттуу этнофольклордук жеке театрын ачкан.

2005-жылдан тартып Бишкек шаарында Кыргыз улуттук драма театрында иштеп келет.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Он тогуз жашында Нарында театрда чогуу иштеген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ырыскан Кашкарбаевага үйлөнгөн. Андан бир кыз, бир уулдуу болуп, бирок ажырашып кетишкен.

Азыркы жубайы Зуура айымга ал Нарын театрына стажировкага келгенде таанышып, отузга чыкканда аны менен баш кошту. Төрт балалуу (бир кыз, үч эркек) болушту.

Көкүрөк күчүгү Алмамбет Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктады. Неберелүү.

Достору. Замандаштары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Театр өнөрпозу Мукамбет Токтобаев менен өзгөчө жакын достугу бар.

Сыйлыктары. Наамдары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993).

Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты (1994).

Кытай, Түркия, Индияда өткөн эл аралык театр фестивалдарынын лауреаты.

III даражадагы "Манас" орденинин ээси (2020).

Драмалык ж.б. чыгармаларынын кыска тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Аксак кулан.
  • Реквием.
  • Теңирим Манас.
  • Азизкандын Алмамбет.
  • Кылым мүшкүлү.
  • Эр Табылды.

Обондуу ырларынын жана күүлөрүнүн кыска тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда жетимиштен ашык обондору бар.

  • Келсеңчи.
  • Барсбек (күү).
  • Өмүрлөшүмө.
  • Манас жөнүндө ыр
  • Асанкайгы
  • Ксилофончу Элли

Көркөм тасмалардагы ролдорунун кыска тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Айыл өкмөтү, реж. Эрнист Абдыжапаров (айылдык ууру Ташматтын ролу).
  • Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булут” чыгармасы боюнча орус кинематографисттери тарткан көркөм тасма (2010).

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, сүрөттөр. - ISBN 9967-14-046-1. – 241-242-бет.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]