Мазмунга өтүү

Тажибаев Абдиваит

Википедия — ачык энциклопедия

Тажибаев Абдиваит (9.5.1930-ж. т., Ноокат району, Кыргыз-Ата айылы) - көрүнүктүү советтик жана партиялык ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

  • Ош педагогикалык окуу жайын (1950), Ташкент финансы-экономикалык институтун (1957), КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти (1969) бүткөн.
  • 1959-67-жылдары партиянын Ноокат райкомунда инструктор, финансы бөлүмүнүн башчысы, Араван райондук Кеңешинин төрагасынын орун басары, Ноокат райондук Кеңешинин төрагасы,
  • 1969-74-жылдары партиянын Ала-Бука райондук комитетинин 1-катчысы,
  • 1974-75-жылдары Кыргызстан КП БКнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
  • 1975-86-жылдары партиянын Өзгөн, Кара-Суу райкомунун 1-катчысы, Ош облустук Кеңешинин төрагасы,
  • 1986-89-жылдары Ош облустук камсыздандыруу башкармасынын башчысы болуп иштеген.
  • Чаткал өрөөнүн өздөштүрүүгө чоң салым кошкон,
  • 1970-жылдары өрөөнгө Өзбекстандын ГЭС куруу аракетине чечкиндүү каршы турган жетекчилердин бири .
  • Эмгек Кызыл Туу, “Ардак белгиси” ордендери, медалдар менен сыйланган.
  • Кыргыз Республикасынын “Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкери”.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6