Мазмунга өтүү

Тазабеков Эркинбек

Википедия — ачык энциклопедия

Тазабеков Эркинбек (1946–2003) - акын,журналист, котормочу. 1946-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1969-жылдан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясында кабарчы болуп иштеген.

1976-жылы «Айыл жаштарынын ойлору жана иштери» деген китеби жарыкка чыккан. Ал Р.Гамзатовдун, О.Сулеймановдун, Е.Евтушенконун, Африканын поэзияларын кыргыз тилине которгон.

Э.Тазабеков кыргыз радио берүүсүнүн тарыхында биринчи болуп «Үзүлбө менин үмүтүм» радио берүү сериалын жазган. Анын көп ырларына музыкалар жазылган.

1989-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.


Жарык көргөн китептери


Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айылдык жаштардын ойлору жана иштери. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 36 б.

Чагылгандуу жаштык. – Ф.: Мектеп, 1978. – 84 б.

Булуттуу кеч: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. – 71 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]