Таз (Таз чечен)

Википедия дан

Таз (Таз чечен)"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Үрбүнүн атасы. Кыпчак каны. Жакыптын кыйыр тууганы, акылдашы, сөзгө чечен адам. Эл чогулган аш-тойго, кеп-кеңешке дайыма катышат, Манастын жортуулдарына катышат. Кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчөлү деп жыйын курганда Т. уулу Үрбү Кемен шаанын кызы Ойсалкынды алып, бул жерден кетер эмес, болбосо мен да көчөт элем деген шылтоону айтат (Сагымбай Орозбаков, 1. 44; 2. 39, 68, 153; Сагымбай Орозбаков, 3. 25).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4