Мазмунга өтүү

Таирбеков Ныязбек

Википедия — ачык энциклопедия

Таирбеков Ныязбек (5.4.1950-ж.т., Айгыр-Жал айылы) - саламаттык сактоо тармагынын көрүнүктүү ишмери, саламаттык сактоонун отличниги (2010).

  • Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүткөн (1974).
  • 1974-75-жылдары Ош облустук ооруканасында интернатурадан өткөн.
  • 1976-80-жылдары Чаткал участкалык ооруканасынын дарыгери, башкы дарыгери,
  • 1980-82-жылдары райондук оорукананын башкы дарыгери,
  • 1982-91-жылдары ошол эле оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
  • 1991-жылдан Жаңы-Базар үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун жана ФТБнын жетекчиси.
  • Грамоталар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6