Таир Салахов

Википедия дан

Салахов Таир Теймур уулу (29. 11. 1928-жылы туулган, Баку) — советтик живописчи жана график, СССРдин эл сүрөтчүсү (1973), СССР Сүрөт академиясынын корр. мүчөсү (1966). Бакудагы А. Азимзаде атынан Азербайжан сүрөт окуу жайынан (1945-50), Москвадагы В. И. Суриков атынан сүрөт институтунан (1951—57) окуган. 1963-74-жылдары Бакудагы М. А. Алиев атынан Азербайжан мамлекет иск-во интунда окутуучу (профессор, 1973), 1975-жылдан Москвадагы В. И. Суриков атынан сүрөт институтунда окутуучу (профессор), 1984-92-жылдары кафедра башчысы. Төмөнкү үч чыгармасы үчүн: Кара Караевдин портрети (1960, Третьяков галереясы), «Ремонтчулар» (1961, Р. Мустафаев атынан Азербайжан иск-во музейи), «Каспийде» (1967, СССР мамлекет сыйл. ыйгарылган 1968). Ошондой эле «Жаңы деңиз» (Азербайжан ССР мамлекет сыйл., 1970), «Апшеронду кыдырып» графикалык сериясы (1969) жана башка чыгармалары бар. У. Шекспирдин «Антоний менен Клеопатра» спектаклинин жасалгасы (1964) үчүн Азербайжан ССРинин М. Ф. Ахундов атынан сыйл. алган (1965). СССР Жогорку Советине (7-8-шайланышына) депутат. 1992-жылдан Эл аралык сүрөтчүлөр федерациясынын вице-президенти. Эмгек Кызыл Туу, Ленин, Октябрь Революциясы, жана башка орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]