Тайбас

Википедия дан

Тайбас — жомоктук-фантастикалык жаныбар. "Алооке кандын Манаска багынганы" деген окуяда алтымыш жигит кошчу алып Манас ууга чыгат. Анжыян менен Кашкардын арасы, андагы аты Ара-Түз, азыркысы Арпа деген жерде аң уулашат. Ал жерде: "Жабыр баян дагы бар, Кылыч куйрук тайбасы, Кыйындардын баары бар" (Сагымбай Орозбаков, 2. 169) экени баяндалат. Ошол эле окуяда Алооке кандын ажайыпканасында багылган көптөгөн укмуштуу айбанаттар жөнүндө айтылат, анын ичинде Т. да болот. Т-тын сүрү жана кандай жаныбар экени "Бир тайбастын өзүндө, Токсон жолборс күчү бар" (Сагымбай Орозбаков, 2. 182), — деп сүрөттөлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4