Тайлак баатыр менен эдигенин сайышы
Тайлак баатыр менен эдигенин сайышы -1832-жылдары ченде, жай айында Суусамырдагы Токойлуу жайлоосунда болгон окуя.
Эдиге баштаган кокондук аскерлер Суусамырды каратып, Көкөмерендин төмөн жагындагы Кызыл-Ойго чеп куруп, андан ары Жумгал, Кочкор, Курткага ээн каттап, Талас, Токтогул менен да соода байланышын күчөтүү максатында Ташкенден чыгып, Олуя-Ата аркылуу Ашмараны ашып, Суусамырды басып алуу үчүн келишет.
Кокондун аскер башчысы Эдигенин улуту Ш. Бейшеналиевдин «Тайлак Баатыр» романында казак деп айтылса, Суусамыр элинде аны кыпчак дешет. Бул сайыш Суусамыр өрөөнүндө, болжолу Бишкек - Ош автомобиль жолунун 155-160-чакырым аралыгында Марал-Кечүүгө жакын жерде токойдо болгон деп божомолдонот.
Тайлак баатыр Эдигени жекеге чакырып, экөө көпкө бирибирин алыша албай, найзалар сына берет. Акыры Тайлак нар кескен кылычы менен Эдигенин башын кыя чапкан. Душмандын туусу жыгылып, кокондуктар келген жагына качкан. Ошол мезгилдеги кыргыздардын Кокон хандыгына каршы Суусамырда болгон согушу тарыхый факт болуп калган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9