Тайланд

Wikipedia дан
Тайланд.
Flag of Thailand.svg

Тайланд, Тайланд Королдугу (тай тилинде – Пратет-Таи, 1939-жылга чейин жана 1945- 49-жылы Сиам) – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Түштүгүнөн Түштүк Кытай деңизинин Сиам булуңу, түштүк-батышынан Андаман деңизи чулгайт. Батышынан Мьянма, чыгышынан Лаос жана Камбоджа менен чектешет. Инди-Кытай жарым аралынын борбордук бөлүгүн жана Малакка жарым аралынын түндүк бөлүгүн ээлейт. Аянты 513,1 миң км2. Калкы 66,4 млн (2010). Борбору – Бангкок шаары. Административдик-аймактык жактан 75 провинцияга жана бир борбордук муниципалитетке бөлүнөт. Акча бирдиги – бат. Тайланд – БУУнун (1946), Эл аралык атом энергетикасы агенттигинин (1957), ЭВФтин (1949), ЮНЕСКОнун (1949), ИНТЕРПОЛдун (1951), Азия өнүктүрүү банкынын (1966), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1967) ж. б. мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Тайланд – унитардык мамлекет. Конституциясы 1932-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Улуттук Ассамблея). Аткаруу бийлигин премьер-министр башында турган өкмөт жүзөгө ашырат. Өлкөдө көп партиялуу. Негизги саясий партиялары: Демократиялык- партия, Коммунисттик партия, Демократия үчүн элдик союз ж. б.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн ойдуңдуу түздүк (Менам ж. б.) ээлейт. Түндүк жана батышында Кхунтхан, Танентаунжи, түштүк-чыгышында Кравань тоолору жатат. Эн бийик жери 2576 м (Интхонан чокусу). Чыгышынан жазы Корат платосу (орточо бийиктиги 120–200 м) ээлейт. Климаты тропиктик, муссондук. Орточо температурасы түздүктөрүндө 22-29°С. Жылдык жаан-чачыны 1000–2000 мм, тоолорунда 5000 мм. Негизги дарыясы – Менам-Чоа-Прая (Чаупхрая), Меконг. Өлкөнүн аймагынын 25% ин тропиктик токой ээлейт. Кызгылт-сары латерит, күрөң-кызыл, аллювий жана шалбаа топурактары кеңири таралган. Жалбырагы күбүлмө токой (тик, сал ж. б.), жаан-чачын көбүрөөк жааган аймактарында дайыма жашыл тропик токою, Корат платосунда саванна, сейрек токой, бадалдар басымдуу. Кхауят, Тхунгсалэнглуанг ж. б. улуттук парктары, көптөгөн коруктар уюштурулган.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Тайланд – көп улуттуу өлкө. Негизинен тайлар, ошондой эле лаолар (түндүк-чыгышындагы Исан обл-да), карендер (батышында), мяо-яолар (түндүгүндө), кхмерлер (түндүк-чыгышында), малайялыктар (эң четки түштүгүндө) жашайт. Будда динин тутат (тхеравада мектеби). Расмий тили – тай тили (сиам). Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 130,5 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 65 жаш, аялдарыныкы – 72. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 18,9), өлүм-житим төмөн (1000ге 6,5; ымыркайлардыкы жогору 1000ге 35,7). Шаар калкы 33%. Ири шаарлары: Бангкок, Чиангмай, Сонгкхла.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Bang Pa-In floating pavilion.jpg

Тайланд аймагында адам палеолит доорунан жашай баштаган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Юньнань бөксө тоолорун мекендеген тай урууларынын укум-тукумдарынын бир бөлүгү биздин замандын 1-кылымынын башында түштүккө жер ооп, жергиликтүү калктар менен аралашкан. 1238-жылы Сукотай, 1350-жылы Аютия (Аюттхайя) королдуктары түзүлгөн. 1782-жылы Рама I аталыштагы башкаруучу генерал Пья Чакринин убагында азыркы королдук династия негизделген. Тайланд 16-кылымдан Европа менен мамиле түзө баштаган. 19-кылымда Тайланд башкаруучулары Улуу Британия жана Франция менен маанилүү соода келишимдерин бекитип, өлкөнү модернизациялоо үчүн европалык адистерди чакырган. Тайланд эч качан колония болгон эмес. Улуу Британия жана Франция тарабынан эчак колонияга айланган Азиянын бөлүктөрүнө Тайландды бурер катары калтырып, пайдалангысы келген колониялык империялардын мүдөөсү анын эн биринчи себеби болгон; экинчиден, өз мезгилинде Тайландды күчтүү башкаруучулар бийлеген. 1932-жылы тынчтык революциясынын натыйжасында өлкөдө конституциялык монархия жарыяланган. Экинчи дүйнөлүк согуштун башында Тайланд Япония тарапта согушкан, бирок 1944-жылы өзүнүн тышкы саясатын өзгөрткөн. 1950-жылы өкмөт АКШ менен экономикалык, техникалык кызматташуу, согуш жагынан жардамдашуу келишимин түзүп, 1951-жылы социалисттик өлкөлөр менен соода жүргүзүүнү токтоткон. Тайланд 1954-жылы СЕАТОго кирген. 1957-жылы өлкөгө авторитардык аскердик режим орноп, жаңы өкмөт бардык коомдук уюмдарга, демократиялык эркиндиктерге тыюу салган. 1962-жылы мартта коргонуу жөнүндө америкалык-тайланддык декларацияга кол коюлган соң, Тайланддын аймагына америкалык согуш базалары курулуп, америкалык армия киргизилген. 1973-жылы октябрдагы демонстрациялар аскер өкмөтүн кулатыл, бийликти жарандык өкмөткө берүүгө мажбур кылган. Жарандык өкмөт Тайланд аймагында жайгашкан АКШнын аскер базасын жоюу жана америкалык армияны өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Өлкөнүн ички саясий турмушун либералдаштыруу боюнча чараларды ишке ашырган. 1975-жылы январда коалициялык өкмөт түзүлгөн. Бул өкмөт демократиялык реформаларды жүргүзбөгөндүктөн, массанын нааразычылыгы күчөгөн. 1976-жылы октябрда Тайландда кайрадан аскер төңкөрүшү болуп, парламент таркатылып, жаңы конституция кабыл алынган. 1980-жылы жарандык өкмөт бийликке келип, 1995-жылы өлкөнүн демократиялык саясий турмушуна көңүл бурула баштаган. 2006-жылы өлкө тынчыбай, кайрадан Тайландда аскер төңкөрүшү болуп, негизги өкмөттүк объектилерди, жергиликтүү телеканалдарды басып алышкан. 2007-жылы Тайландда парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, Элдик бийлик партиясы жеңип чыккан. 2008-жылы премьер-министр Самака Сундаравея баштаган жаңы өкмөттүн бийликке келиши менен Тайландда саясий кризис башталган. Тайланд – БУУнун мүчөсү.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Тайланд – дүйнөдөгү жаңы индустриялуу өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү 538,6 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 8,1 мин доллардан туура келет. Андагы өнөр жайдын үлүшү (% менен) 44,0, тейлөө чөйрөсүнүкү 43,7, айыл чарбасыныкы 12,3. Нефть, жаратылыш газы, вольфрам, калий, коргошун, цинк, марганец, сурьма, баалуу таштар ж. б. казылып алынат. 2009-жылы 148,2 млрд кВт∙с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Башкы өнөр жай тармактары: электроника, электр-техникалык, турмуш-тиричилик буюмдары, автомобиль кураштыруу, зер буюмдар, текстиль жана тигүү, түстүү металлургия (Тайланд калай жана волфрам өндүрүү боюнча дүйнөдө алдынкы орунда). Табигый каучук өндүрүлөт. Тамак-аш (жемиш консервалары, суу май, тоңдурулган балык), курулуш материалы (гипс, цемент ж. б.) өнөр жайлары бар. Негизги азыгы – күрүч. Жүрөгү, буурчак, кассава, батат, жер жаңгак, банан, гевея, бал камыш, пахта, кокос жана май пальмасы өстүрүлөт. Бодо мал (негизинен унаа катары пайдаланылат) асыралат. Үй куштары багылат. Балык кармалат. Жыгач (баалуу түрлөрү) даярдалат. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 180,1, темир жолунуку 4,1, магистралдык газ куурунуку 1,3. Менам жана Меконг дарыясында кеме жүрөт. Башкы деңиз порттору: Лаем-Чабанг, Бангкок, Сирача, Пхукет. Экспортко электроника, электр-техникалык буюмдарын, автомобиль, зер буюмдар, кийим-кечек, бут кийим, күрүч (дүйнөдө 1-орунда), табигый каучук чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Япония, Кытай, АКШ, Малайзия.

Билим берүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу акысыз. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 90%ти түзөт (2013). Тайланд институту, Таммасат, Чулалонкорн, Махидол сыяктуу ири университеттери, ошондой эле ири музейлери, китепканалары бар. 150дөн ашык күн сайын чыгуучу «Thai Rath», «Siam Rath», «Bankok Post», «Nation», «Time» ж. б. гезит-журналдары бар. Радиоуктуруу 1947-жылдан, телекөрсөтүү 1951-жылдан, маалымат агенттиги 1968- жылдан иштейт.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Тай элинин алгачкы адабий эстеликтери 13–14-кылымга таандык. «Рамакиен» (1292) аттуу адабий чыгарма инди элинин «Рамаяна» эпосунун бир варианты. 19-кылымга чейинки адабияты инди адабиятынын таасиринде тай тилинде калыптанган. Орто кылымдагы классикалык адабияты диндик мүнөздө өнүккөн. Сунтон Пунун 30 миң саптан турган «Пра Апаймани» дастаны (1835) тай адабиятындагы алгачкы чыгарма болгон. 15–16-кылымда тай адабиятында лира-эпикалык жанр өнүккөн («Прало»), «Улуу турмуш поэмасы» (1482), «Юандардын жеңилиши» сыяктуу ыр түрүндөгү чыгармалар жаралган. 17-кылымдын 2-жарымында лирик акындар Сипрат, Махаратчакру жана Тамматибет ж. б. эмгектенишкен. 18-кылымда прозалык чыгармалар пайда болгон. Котормо түрүндөгү «Кун Чанг жана Кун Пэн» поэмасы, «Пра Апаймани» дастаны, король Рамам Пнин «Инао» поэмасы сыяктуу ири чыгармалар жаралган. 19-кылымдын 2-жарымында реализм методунда натуралисттик жана социалдык реалисттик багыт пайда болду. Натуралисттик багыттын өкүлдөрү: Доксмайсот, Ко Сурангкананг, Сот Кунмарохит, Малай Чупинит; социалдык реалисттик багыттагы жазуучулар: Сибурапа, Лао Камхом, Ачин Панчапан ж. б. 20-кылымда Сайпрадита, Дамронга Рачанупхапа ж. б. адабиятка келишти. 1932- жылдан кийин адабият реализмдин нугунда өнүккөн: Докмайсот (романдар жана аңгемелер сериялары «Кең пейил», 1947), Ко Сурангкананг («Бузуку», «Ой жүгүртүү», 1937); Сот Кунмарохит («Биздин жер», «Райя»); Малай Чупинит («Кең талаа», «Анын аты – аял»).

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Биздин замандын 1-миң жылдыгында Тайланд искусствосу кхмер жана инди искусствосунун таасиринде калыптанган. Тай элинин орто кылымдагы искусствосу Арти, Сукотай, Лопбури ж. б. борборлордо 14–15-кылымда өрүш алган. Тайланддын архитектурасына дворецтер жана мунаралуу (коңгуроо сымал) храм ансамблдер мүнөздүү. 18-кылымдын ортосунан оймолонгон кооз храм, дворецтер негизинен Бангкокто тургузулган. 20-кылымдын 2-жарымында прогрессчил сүрөтчүлөр: Фуа Харабитак, Тави Нандакван, скульптор Хъен Йимсари, график Манита Пу Ари ж. б. элдик көркөм кол өнөрчүлүктү кеңири жайылтышкан. Тайландда байыртадан эле диндик майрамдар – үйлөнүү, бешик тойлору ж. б. ыр жана музыка менен коштолгон. Тайланд музыкасында жарым тондор жок. Музыкалык чыгармалар жөнөкөй ритмде болуп, тез темпте аткарылат. Музыкалык аспаптары: чинг, пинай (чоор), ку, сау сам сай (скрипка тибиндеги), тьакау (чоң гитарага окшош). Оркетср адатта индия тимпаны жана 2 кытай барабанынан турат. чоң оркестрде кылдуу аспаптар (сау сам сай, кытай скрипкасы) колдонулат. 19-кылымдан европалык аспаптар өздөштүрүлө баштаган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]