Тайфун

Википедия дан
Тайфун.

Тайфун (кытайча тай фын – катуу шамал) – Түштүк-Чыгыш Азия жана Ыраакы Чыгыштагы чоң толкунду пайда кылган бороон-чапкындуу тропиктик циклондун жергиликтүү аты. Июль – октябрда көп болот. Чыгыш Азиянын жээкке жакын райондорун кыйроого учуратат. Жылына 20–25 (айрым убакта 45ке чейин) жолу болуп, узактыгы бир нече жумага созулат. Тайфун болгондо нөшөрлөп жаан жаап, ташкындарды пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]