Тай туяк
Тай туяк – тайдын туягынан жасалган эски бут кийимдин бир түрү. Аны койчу, мергенчи, жарды-жалчы кийген. Жеңилирээк болушун карап, көбүнчө тайдын төрт туягын колдонгон (ошол себептен тай туяк аталган). Ар бир туяк алды артынан төрт жеринен көзөлгөн. Эки туяктын тегерек жагы сыртына, туурасынан кертилген, өңдүү жагы ич жагына каратылып, бир-бирине кынаштырылып, тушташ көзөнөктөрүнөн кайыш менен кошоктоштурулуп байланган. Алды-артындагы төрт тешигинен кайыш боо өткөрүлүп, алар менен туяк бут кийимге бекитилип байланган. Туяктардын экинчи жубу да ушундайча байланыштырылган. Кийин тай туяк жыгачтан, темирден да жасала баштаган. Тай туяк кийиз чокой, чарык сыяктуу бут кийимдердин бат жыртылышынан жана бышык (айрыкча таманы калын) бут кийимдердин жоктугунан улам пайда болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9