Мазмунга өтүү
Такаасур сүрөсү
Такаасур сүрөсү (1) Көбөйтүү, Сыймыктануу, мактануу[оңдоо | булагын оңдоо]
- Меккеде түшүрүлгөн. 8 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- "1. Сыймыктануу силерди алаксытат,
- (Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду,"
- "2. ажал жетип, мүрзөлөргө койулганча (2)
- Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин!"
- "3. Оо, жок, (андай эмес), жакында билесиңер.
- Жок! (өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар!"
- "4. Оо, жок, андан соң (дагы кайталайм) жакында билесиңер.
- Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сурак учурунда) билип аласыңар!"
- "5. Чынында, силер айкын билсеңер,
- Жок-жок, эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер)"
- "6. Албетте, сөзсүз тозокту көрөсүңөр.
- (Эми) тозокту көрүшүңөр анык!"
- "7. Андан соң (дагы бир жолу кайталайм) аны силер анык-даана көрөсүңөр!
- Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр!"
- "8. Мындан соң (силерге берилген жакшылыктардан) ошол күнү сөзсүз сураласыңар!
- Андан соң, ошол күнү (Аллах тарабынан аманатка берилген) нээматтар (өмүр, мал-дүйнө, бала-чака) жөнүндө албетте сураласыңар!"