Мазмунга өтүү
Таквир сүрөсү
- 81-сүрө
- == Таквир сүрөсү (1) Оролуу ==
- Меккеде түшүрүлгөн. 29 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Күн оролуп (нуру жоголуп),
- 2. жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,
- 3. тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,
- 4. Курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көнүл сыртында калып, (2)
- 5. Жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп, (3)
- 6. Деңиздер жанып - от болуп,
- 7. Жандар бири-бирине коштолуп…(4)
- 8. Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -
- 9. Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр) деп… (5)
- 10. Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,
- 11. Асман сыйрылып алынганда…,
- 12. Тозок (катуу) кызытылып,
- 13. Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…
- 14. (Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.
- 15. Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант
- 16. (аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант
- 17. (караңгысы менен) келген түнгө ант
- 18. агарган таңга ант (айтамын)
- 19. Чынында, ал (Кураан) Улуу Элчинин Сөзү! (6)
- 20. Арш Ээсинин (7) алдында (Жебрейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч - кубаттуу
- 21. Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү.
- 22. (Эй мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес.
- 23. Ал чынында аны (Жебрейилди) айкын мейкиндикте көргөн.
- 24.Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес. (8)
- 25. Жана ал (9) каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес! (10)
- 26. Эми, (чындыктан жүз бурулуп) кайда бара жатасыңар?!
- 27. Ал (Кураан) албетте, ааламдар үчүн эскертүү!
- 28. Силердин араңардан оңолууну каалагандар үчүн (эскертүү!)
- Жана силер (о, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башкасы каалай албайсыңар!
- (1) Оролуу
- (6) Бул аяттагы улуу элчи Жебрейл периште. Ал вахий кабарларын Аллахтан кабыл алып, Мухаммадга жеткирген
- (7) Аллахтын
- (8) Ыйык Куран
- (9) Мушриктер "Мухаммадка эч ким сүйлөй албаган сөздөрдү жин-шайтанда үйрөтөт" дешчү