Такыя сайды
Такыя сайды – күйөө-колукту нике жашына жеткенде өткөрүлө турган салт. Күйөө-колуктунун жашыруун жолугушуусуна жол ачкан жөрөлгө. Күйөө бала кайын-журтуна атасы же энеси менен келет. Колуктуну атасынын үйүндө жакындары менен төрдүн оң же сол тарабына отургузушат. Күйөө бала боз үйдүн кийизин ачып, учуна жоолук байланган уук менен колуктусунун баш кийимин (такыя) акырын түртүп түшүрөт же башынан түшпөгөндөй кыйгачтатат. Жоолук жеңесине тиет. Бул жөрөлгө ар кайсы аймакта түрдүүчө өткөрүлгөн. Айрым жерде бир жолу, башка жерде 3 жолу түшүрүлөт, кээде «оңбу?», «солбу?» деген суроолор берилет. Такыя сайды жакындашууга суралган уруксаатты билдирген жана ошол учурдан тартып, күйөө-колукту жубайлар болуп калышат. Салт матрилокалдык нике мезгилинен калган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9