Мазмунга өтүү

Талаанын бирдиктүү теориясы

Википедия — ачык энциклопедия

Талаанын бирдиктүү теориясы – элементардык бөлүкчөлөрдүн өз ара айланыштарын жана көп түрдүү касиеттерин кандайдыр бир универсалдуу принциптерге келтирүүгө аракеттенген материянын бирдиктүү теориясы.

Мындай теория алиге түзүлө элек жана микродүйнөнүн физикасынын өнүгүшүнүн стратегиясы гана болуп эсептелинет. Ар түрдүү физикалык кубулуштарды (электр, магнит, жарык) бириктирүүнүн биринчи мисалы катарында Максвелл теңдемелерин көрсөтүүгө болот. Андан кийинки этапта Эйнштейндин жалпы теориясынын негизинде электр-магниттик жана гравитациялык кубулуштарды бириктирүүгө аракеттер жасалды, б. а. убакыт-мейкиндиктин геометриясы менен материянын гравитациялык өз ара аракетинин байланышы изилденди. Бирок бул багыттагы аракеттер натыйжа берген жок. Буга караганда мейкиндик-убакыттын ар бир чекитинде туура болуучу кыймыл теңдемелеринин кеңири симметриясын чектелген өлчөмдөгү симметрияга чейин кеңитүү натыйжалуу болду. Ушул багытта Ш.Глэшоу, С.Вайнберг жана А.Салам (60-ж.) экспериментте кварк менен лептондордун өз ара электр-магниттик аракеттешүүсүнүн жана өтө начар аракеттешүүнүн бирикме теориясын түзгөн. Бул теория боюнча өз ара начар аракеттешүүдө негизги ролду үч оор вектордук бозондор ойнойт. Бул схемага өз ара күчтүү аракеттешүүнү кошууга умтулуп жатат. Ошондо «чоң бирдиктүү теория» пайда болууга тийиш.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]