Мазмунга өтүү

Талаанын сызыктуу эмес теориясы

Википедия — ачык энциклопедия

Талаанын сызыктуу эмес теориясы – өз ара аракеттешкен талааларды сүрөттөөчү талаанын квант теорияларынын (Т. к. т.) жалпы аталышы.

Өз ара аракеттешүүдөгү талаалардын теңдемелери дайыма сызыктуу эмес. Эркин талааларга сызыктуу теңдемелер туура келет.

Талаанын сызыктуу эмес теориясы эки класска бөлүнөт: көп мүчөлүү теңдемелер менен сүрөттөлүүчү теория жана көп мүчөлүү эмес теңдемелер теориясы. Кийинки теория негизинен сызыктуу эмес Т. к. т. деп аталат. Адатта Т. к. т-га көп мүчөлүү теңдемелер колдонулуп келген. Гравитациялык өз ара аракеттешүү үчүн көп мүчөлүү эмес форма өзгөчө мүнөзгө ээ. Бул эки теориянын арасында кандайдыр бир чек жок. Элементардык бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн түрлөрү эки теория менен түшүндүрүлөт.

60-70-жж. сызыктуу эмес классикалык жана көп мүчөлүү эмес теңдемелерди чыгаруу боюнча багыт пайда болду. Сызыктуу эмес теңдемелерди чыгарууда мейкиндиктин кичине областында чектелген кичине талаалар – солитондор чоң ролду ойнору аныкталды. Бул чыгаруулар созулган бөлүкчөлөргө окшош толкундук пакеттер сыяктуу болот. Ошондуктан алар бөлүкчөлөрдө окшоштурулат. Солитондук чыгарууларды кванттоо маселеси көп кыйынчылыктарды туудурат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]