Мазмунга өтүү

Талаа шпаттары

Википедия — ачык энциклопедия

Талаа шпаттары – жаратылышта тоо-тектери курамында кездешүүчү заттар группасы Т. ш. курамына алюминий жана кремний оксиддеринен башка К, Nа, жана Са оксиддери кирет. Мисалы, кадимки Т. ш. же ортоклаз формуласы K2O×Al2O3×6SiO2. Т. ш. айдагы тоотектер 50 %, магма тоотектери 60 % түзөт. Т.ш. курамы анын үч системасынын (NaAlSi3O8-KAlSi3O8-CaAl2Si3O8) компоненттери өз ара катышына карай аныкталат (б.а. Na, K, Cа, чанда Ba алюмосиликаты б-ча). Курамында кошумча катарында B,Sr, Pb, Fe, Li, Rb, Cs, Eu ж.б. болот. Структурасынын негизин Al, Si түзөт. Курамы боюнча акиташ-натрийлүү алюмосиликаты же щелочтуу (ортоклаз, микроклин,) аз санда калий-барийлүү (цельзиан, гиалофан) Т.ш. деп ажыратылат. Т.ш. курамы жана структурасы рентгенография методу менен аныкталат. Т.ш. негизинен түссүз, бирок кошумча аралашмасы болгондуктан, өңү боз, кызгылт, жашыл, каралжын келет. Катуулугу МООС шкаласы боюнча 6-6,5, салыштырма масс. 2,5-2,8. Тоо-тектеринин классификацияланышы негизин Т.ш. түзөт. Карапа, айнек, фарфор, фаянс ө. ж-да, курулушта каптоочу материал катары (лабродорит), айрым түрлөрү (амазонит, олигоклаз) кооздук таш катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]