Талак (тасма)

Википедия дан
Талак
Файл:Талак тасмасынын постери.jpg
«Талак» тасмасынын постери
Жанры

Комедия

Режиссёру

Ырысбек Жабиров

Продюсери

Ырысбек Жабиров

Башкы ролдордо

Санжар Бердибеков
Назик Исраилова
Максат Тасмаев
Рахман Разыков
Кубик Калыков
Асел Турдалиева

Узактыгы

92 мүнөт

Бюджети

25 000 $

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2009

Super.kg

ID 555

«Талак» — 2009-жылы режиссёр Рысбек Жабиров тарабынан тартылган комедия жанрындагы кыргыз көркөм тасмасы.Башкы каармандарда: Санжар Бердибеков, Назик Исраилова, Максат Тасмаев

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки кошунанын бири турмушуна тың, учурдун талабын түшүнгөн адам. Экинчиси болсо арак ичкен, аялын ар дайым сабаган адам болот.Бир күнү башкы каарман Мамат (Санжар Бердибеков) ичип келип, аялы Кенже (Назик Исраилова) менен чатакташып кетип ачуусу менен «талак» айтып салат. Муну угуп турган кошунасынын аялы бир түндө айылга жайып жиберет. Кичинекей нерседен чоң маселе жаралып, молдого келишет. Молдонун айттуусу, шарият боюнча талак деген сөздү айткандан кийин башкага нике окуп, андан кийин кайрадан күйөөсүнө нике окутуш керек болот. Ошондон улам Чоңбай (Максат Тасмаев) аттуу айылдаш жигитке нике окутушат. Чоңбай Кенже менен никеге тургандан кийин кайра ага талак берүүдөн баш тартат. Натыйжада, Мамат менен Чоңбай мушташып кетип, милиция аралашып, экөө камакка түшөт.Бүт айылды дүрбөткөн бул окуя жакшылык менен аяктайт. Маматтын агалары райондун имамына барышып, болгон окуяны айтышат.Ал бир жолу талак деп айтканда, нике бузулбсын түшүндүрөт. Акыры камоодо жаткан Маматка аялы Кенже келип камактан чыгарып, экөө үйүнө кайтканы менен тасма аяктайт.

Тасманын жаралыш тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын мааниси азыркы учурда көп кездешүүчү ажырашуу маселесине арналган. Экинчи көрсөтө турган нерсе – чала молдолордун шариятты бурмалаганы. Бул идеянын өзөгүнөн “Талак” аттуу интермедия жаралган. Режиссёр бул тууралуу “атам өзү динге жакын адам. Анын айткандарына таасирленип, анан азыркы турмуштагы окуялардын негизинен ушул кинону тартуу идеясы келип чыкты” дейт. Тасма август айында 2 жуманын ичинде тартылып бүткөн.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кенженин ролун аткарган Назик Исраилова: – Мага бул киного тартылууга капыстан сунуш түштү. Рысбек байке сценарийди бергенде гана ишенип, ролго даярдана баштадым. Баарынан да мага күйөөсүнөн таяк жеген эпизод- го тартылуу кыйын болду. Эсептесем, жаакка туура 16 жолу жеген экенмин. “Күйөөсү сабаган аял ушинтип мелтейип туруп алмак беле? Кичине коркуп койсоң болбойбу?!” деп айтышса деле мисирейип Санжарды карайм. Акыры Санжар да жини келди окшойт, жаакка катуу чаап жиберди. Ошентип, эртең менен баштаган бул эпизодду кечке чейин тарттык. Кийинки эпизоддо аябай ыйлашым керек эле. Мен буулугуп ыйлап, өзүмдү токтото албай калсам болобу! Анан тартылып бүтүп, көзүмдүн жашын аарчып араң өзүмө келсем, Рысбек байке “Назик, баары жайындабы?” дейт. Ооба дедим. “Анда дагы бир аз ыйлап кой” деп ал мени кайра жаакка чаап жиберип жатпайбы. Көрсө, мени “өзүн таштап жибербесин” деп ошенткен экен. Ал эми оңой эпизод – Чоңбайдын түшүндө менин бийлегеним болду. Ошол эпизодду эч кыйналбай, бир дубль менен тартып алдык. Негизи, актёрлук оңой иш эмес экенине көзүм жетти.

Кошунасынын ролун аткарган Кубик Калыков:

– Тасмадагы ролум өзүмө аябай ылайыктуу экен. Мен дагы ажырашкандарды жараштырып, бир да адамдын турмушу бузулбасын деп турам. Кызыгы, Маматтын үйүнүн чыныгы жашоодогу ээси да тополоң кылган, ичкиликке жакын адам экен. “Силер мени шыл­дың кылып киного тартып жатыпсыңар”,- деп эртеси чыр чыгарса болобу! Бул жөн гана дал ке­лүү экенин айтып жатып араң токтоттук. Анан дагы бул менин тасмадагы биринчи ролум болду. Киного тартылуу мага аябай жакты. Күнүнө бир койду жеп эле жата берет экенсиң, жыргал эмей эмне? Анын үстүнө, жалаң “крокодилдер” барган окшойт, он күндүн ичинде он кой жеп келдик. Аягында уялганымдан азыраак да жеп калдым.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тасма Токтогул аймагында тартылган. Сюжетке жараша үй издеп жүргөн режиссёр кызык окшоштукка кабылат. Ал жактырган үйлөрдүн ээлери тасмадагы каармандарга абдан окшош болуп чыккан. Тактап айтканда, бири ичкиликке жакын, экинчиси ал үй-бүлөнү ар дайым ынтымакка чакырган кошуналардан экен.
  • Тасманы тартууга баш-аягы 25 миң доллар корогон.
  • Режиссёр актёрлордун кулк- мүнөзүн бешке билгендиктен, каармандардын образын тандоодо мыкты ийгиликке жетишкен. Актёрлордун айтуусунда, ар биринин аткарган образдары өз жашоолоруна жакын. Мисалы, башкы каармандын ролун аткарган Санжар Бердибеков: “Ичкенде кинодогу образдан айырмам жок болуп калчу”,- деп моюнуна алган.
  • Тасмага 20дан ашуун белгилүү ырчылар жана куудулдар катышкан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]