Талап жана сунуш

Википедия дан

Талап жана сунуш - товар өндүрүшүнүн экономикалык категориялары.

Талап - өндүрүш жана тиричилик үчүн зарыл, акча менен чектелген коомдук муктаждык. Буюм менен тиричилик кызматын калк керектешинин негизги бөлүгү төлөөгө мүмкүнчүлүктүү талап түрүндө болот. Сунуш Талапка жараша товарды жана тейлөө кызматын Талап бар жерге жеткирүүнү камтыйт. Сунуш негизинен өндүрүштүн өнүгүшү менен шартталып, товар запасынын көлөмү менен аныкталат. Талап жана сунуш диалек. татаал байланышта болот да, өндүрүш менен керектөөнүн ортосундагы мамилелер аркылуу экон. мамилелердин тышкы Көрүнүшүн чагылдырат.

Капиталисттик коомдо Талап жана сунуш өндүрүштүн коомдук мүнөзүн жана ээлеп алуунун жеке капит. формасын шарттайт. Булар баанын олку-солкулугу, турумсуздугу аркылуу өндүрүштүн өнүгүшүнө жана пропорциясына таасир этет. Талап менен Сунушту бири бирине ылайыкташтыруу рынок аркылуу, капиталдын жана жумушчу күчүнүн бир тармактан экинчи тармакка өтүп турушу, баа механизми ж. б. менен теске салынат.

Капитализмде Талап жана сунуш ортосунда дайыма диспропорция болуп турушу мүнөздүү. Анда ашыра өндүрүү экономика кризистеринин себеби болот.Социалисттик коомдо өндүрүш каражаттарынын коомдук менчик болушу өндүрүш менен керектөөнүн, Талап менен Сунуш ортосунда атайын жана планга ылайык пропорцияны түзүүгө мүмкүндүк берет. Эл чарбасын, ошондой эле Талап менен Сунушту пландоо социализмдин негизги экономикалык мыйзамы жана бардык экономикалык мыйзамдар системасы менен шартталат.

Талап менен Сунуштун дал келиши мамлекеттин экон. саясаты, план тапшырмаларынын директивдүүлүгү, өндүрүлүүчү жана рынокко жиберилүүчү товар ассортиментин жана көлөмүн, ошондой эле импорт көлөмүн аныктоо, өндүрүш кубаттуулугун, жумушчу күчүн, сырьёну пландуу пайдалануу, эл чарбасынын келечектүү тармактарына капиталдык салымды көп сарптоо, калктын талабын жана соода коньюнктурасын иликтөө, ошого жараша товардын жүгүртүлүшүн башкаруу, соода заказынын негизинде товар өндүрүү менен ишке ашырылат. Демек, Талап жана сунуштун өз ара катыш элементтери коомдун кызыкчылыгына ылайык мамлекет тарабынан жөнгө салынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.