Талас мрамор кени
Көрүнүш
Талас мрамор кени Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Бортерек кыштагынан 13 км, Эчкилитоонун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1390–1520 м бийиктикте. 1986-ж. чалгындалган. Мрамор жогорку рифей мезгилинде пайда болгон, майда кристаллдуу, өңү сыя көк, жол-жол темгилдүү, жогорку декоративдүү. Орточо тыгыздыгы 2,71 г/см3, көзөнөктүүлүгү 1,02%, суу сиңирүүсү 0,11%, үстүнөн баскандагы бекемдик чеги кургак абалда 120,5 МПа, сууга каныккан абалында – 109,9 МПа, 25 цикл суукка чыдамдуулугун текшергенден кийин – 107,1 МПа. Кондициялык блоктордун чыгышы 8,0%, сайкалданган такталардын чыгышы 13,6 м2/м3. Имараттардын ички жана тышкы дубалдарын каптоого колдонулат. Запасы С2 категориясы боюнча 1840 миң м3, С2 –532 миң м3, С1+С2–2372 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7