Талаштарды сотсуз жайгаруунун тартиби
Көрүнүш
Талаштарды сотсуз жайгаруунун тартиби – кредитор менен карызкордун ортосундагы талаш-тартыш маселелерди сотко бергенге чейин жайгарууну камсыздоочу жарандык укуктарды коргоо таризи. Т. с. ж. т-не ылайык кредитор карызкорго ага тагылган милдетти аткаруусу жөнүндө талапты (претензияны) көрсөтүүсү, ал эми карызкор ага белгиленген мөөнөттө жооп берүүсү тийиш. Карызкор талапка толук же жарым-жартылай канааттандыруудан баш тарткан же ага жооп албаган учурда кредитор доо коюуга укуктуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7