Талды-Булак алтын кени

Википедия дан

Талды-Булак алтын кени- Талас районунда, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталында, Каракол суусунун оң жээгинде, Жер-Үй кенинен 35 км түндүк-батышта, Талас шаарынан 47 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1970– 2100 м бийиктикте.

1967-ж. табылган. 1977–80-жж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн.

Кен аймагы жогорку ордовик - силурдун диорит-профирлери менен жирелген ортоңку ордовиктин жанартоо-терриген катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу майда тектоникалык жаракалар менен байланышкан.

Руда уя жанаа линза сымал майда тилкечелерден турат. Майда тилкечелердин өлчөмү 1150х700 м келген эллипс сымал штокверк түзүлөт. Руда гидротерм процесстеринин негизинде пайда болуп, жез-порфирдүү типке жана алтын-сульфид-кварц формациясына кирет. Негизги руда минералдары: халькопирит, молибденит, хризоколла, малахит, азурит, борнит, халькозин, сфалерит, мелионит. Рудадагы пайдалуу компоненттердин орточо өлчөмү: алтындыкы–0,67 г/т, жездики–0,20%, молибдендики–0,0073%. Руданын запасы жана ресурсу 379430 миң тонна. Алтындын запасы жана ресурсу 253,9 тонна.


Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Кыргызстандын географиясы. Энциклопедиялык окуу китеби. Бишкек, 2004