Талкуу:Мургаб району

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Макаланын аталышы.[булагын түзөтүү]

Кыргызстанда Мургаб районун, Мургап деп айтышат. Бирок 1924 жылга чейин, Мургаб району Кыргыз ээлигинин курамында болгон. Дал ушул убакытта ал Куш-Суу деп аталган, азыркы убакытта, Тажик тарабы Куш-Суу’ну «Мург — куш, чымчык», «Об — суу» деп которгон.

Пикирлериңизди жазгыла. Cianzera (баарлашуу) 14:47, 18 февраль 2022 (UTC)[жооп берүү]

@Cianzera Саламатсызбы. Макаланын аталышын бергенде анын белгилүүгүн эске алышыбыз керек. Азыркы учурда көпчүлүккө "Мургаб району" белгилүү болууда [1][2][3]. Эгерде, "Куш-Суу району" кыргыз тилдүү чөйрөсүндө (расмий билдирүүлөрдө, ММКда ж.б.) колдонуп келсе, анда тажикстандын расмий аталышына да карабай макаланы "Куш-Суу району" деп атамакбыз (расмий аталышын макаланын өзүндө белгилемекбиз). Bosogo (баарлашуу) 15:23, 18 февраль 2022 (UTC)[жооп берүү]

@Bosogo мисал көргөзөм. Армян уикипедиясында «Степанакерт» деген шаар бар, бирок ушул эле шаар Азербайжан уикипедиясында «Ханкенди» деп аталат.

Жана Орус/Казак уикипедиясында «Омск» шаары «Омбы» болуп жазылган. Түшүнүктүбү? Cianzera (баарлашуу) 18:28, 18 февраль 2022 (UTC)[жооп берүү]

@Cianzera Демек, алардын булактарында тийиштүү аталыштар колдонулат: азерлердин - "Ханкенди", армяндардын - "Степанакерт" дешет. Бизде "Куш-Суу" деп эчким айтпайт. Бардык булактарыбызда "Мургаб" деп жазылуу. Bosogo (баарлашуу) 07:38, 19 февраль 2022 (UTC)[жооп берүү]

Куш суу болуп жазылып турса Куш-Суу деп айтышат да, а сиз кайта мургаб деп жазып, логика кайда? Cianzera (баарлашуу) 14:38, 21 февраль 2022 (UTC)[жооп берүү]

@Cianzera Википедия - энциклопедия болгондуктан, булактардын негизинде жазылат. Булактарда болбогон нерсени ойлоп чыгалбайбыз. Bosogo (баарлашуу) 16:18, 21 февраль 2022 (UTC)[жооп берүү]

1924 жылга чейин Куш-Суу болчу Cianzera (баарлашуу) 07:11, 22 февраль 2022 (UTC)[жооп берүү]