Мазмунга өтүү

Талкуу:2026 Футбол боюнча дүйнө чемпионаты

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Тема кошуу
Википедия — ачык энциклопедия
("Талкуу:2026 Футбол дүйнө чемпионаты‎"‎ барагынан багытталды)

Макаланын аталышы боюнча

[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы! Жакшы макалалар жазып жатасыз, иш илгери болсун. Менде бир сунуш бар эле, ушул макаланын аталышындагы бир сөздү алмаштыруу боюнча. Ал “чемпиондугу” деген сөз. Аны “чемпионаты” деп жазсак туура болчудай. Мен изилдеп көрдүм, Юдахин орус-кыргыз сөздүгү боюнча “чемпионат” сөзү “чемпионат” деп которулат экен. Мисалы KABAR улуттук маалымат агенттигинде чемпионат деп эле жазылган. Бул бир эле мисал. УТРКда дагы ушундай жазылган. Эми мен сунушумду айтып койдум, сизге болсо ийгиликтерди каалайм. Baydastann (талкуу) 13:31, 5 январь 2026 (UTC)Жооп берүү

Саламатчылык! "Чемпиондук" деген сөздү колдонгон булактар: Азаттык, Турмуш, Сереп, АкиПресс (КтоЕстьКто). Буга чейин деле 2020 Кыргызстан футбол чемпиондугу деген макала жазылган экен. Чынын айтканда, кандай туура болорун мен деле билбейм. Балким бир консенсусга келербиз. Arsensky (баарлашуу) 07:22, 7 январь 2026 (UTC)Жооп берүү
Чемпионаты деп атоо туурадай көрүнүп турат. Baydastann (талкуу) 17:19, 7 январь 2026 (UTC)Жооп берүү
Макул, ушундай кылалы. Анан "2026-жылкы" деген мага кайра жакпай калды. "Жылкы" дегени жок "2026" дегенди же башына, же аягына коюш керек. "2026 Футбол дүйнө чемпионаты" десек кандай болот? Же "2026 Футбол боюнча дүйнө чемпионаты" деп. Бирок биринчи вариант кыскараак болуп мага көбүрөөк жагып жатат. Сиз кандай дейсиз? Arsensky (баарлашуу) 08:24, 10 январь 2026 (UTC)Жооп берүү
«Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026» — менин вариантым. Ал эми сиз айткан биринчи вариант грамматикалык жактан туура эмес болуп калат, «боюнча» деген сөз кошуулусу керек. Baydastann (талкуу) 08:52, 10 январь 2026 (UTC)Жооп берүү