Талленси (эл)

Википедия дан

ТАЛЛЕНСИ (тале, тали, таленсе, талене, таланси) — эл. Гананын түндүк-чыгышында жана Буркина-Фасонун түштүгүндө жашайт.
Саны 80 миң адам.
Талленси элине дагомба, кусаси, мампруси, моси, нанкансе этностору жакын.

Тил

Талленси тили Нигер-конго макробүлөсүнүн курамындагы гур уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабалар жана жер культтары) карманышат. Калгандары — мусулмандар (сүннөттөр).


Чарбалык иштер

  • малчылык;
  • кол менен иштетилген жер чарбасы (таруу, сорго, фонио, күрүч, жүгөрү, буурчак өсүмдүктөр);
  • аңчылык.


Кол өнөрчүлүк

  • темир устачылык;
  • карапачылык;
  • токуучулук;
  • булгаары жасоо.


Коом

Коомдук түзүлүштүн негизин көп балалуу үй-бүлөлөр жана патрилинейлик кландар түзөт. Көп аялдуулук жана кайчылаш аталаш никеси практикаланат. Туугандык эсеп — аталык, энеликтин элементтери менен. Эркектер оор жумушту аткарышат, ал эми аялдар үйдүн оокатын кылышат жана түшүм жыйноого жардам беришет. Жетекчилер (наам) менен бирге тендаана («жерди сактоочулар»), жер культунун дин кызматчылары жана көзү ачыктар олуттуу таасирге ээ.

Турак жай

Чатыры конус түрүндөгү саман менен жабылган тегерек жыгач кепелерде чакан айылдарда жашашат.

Кийим

Күнүмдүк кийим — белдемчи, майрамдык — эркектер үчүн кыска жеңдүү узун ак көйнөк, аялдар үчүн юбка.

Тамак-аш

Сүт жана өсүмдүктөрдөн тамак (ботколор, коюу сорполор, токочтор, куурулган жана бышырылган жемиш тамыры жана буурчак).

Маданият

Элдик оозеки чыгармачылыктын негизги жанрлары — ырлар, жомоктор, макал-лакаптар. Жыл сайын февраль айында Голого түшүмүнүн фестивалы өткөрүлөт. Татуировка практикаланат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]