Талма

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Талма (эпилепсия) — кыска мөөнөткө эс-акылын жоготуп, булчуңдардын тырышуусу менен мүнөздөлгөн оору. Ал өз алдынча оору (накта талма) же мээнин түрдүү ооруларынын (шишиги, сезгенүүсү травмасы жана башкалар) белгиси катары кездешет. Оорунун пайда болушуна нерв системасындагы зат алмашуунун бузулушу, инфекция, кырсыктар жана башкалар факторлор түрткү берет. Ошондой эле бала түйүлдүк кезинде ата-эне алкоголду ашкере пайдаланганда, айрым учурда тукумунда талмасы болгондордо байкалат. Оору белгилерине жараша оор жана жеңил талма болуп бөлүнөт. Көпчүлүк учурда талма кармарда кыска мөөнөткө психикалык бузулуу байкалат (аура). Ауранын белгилери ар түрдүү: айрымдары жел жүргөндөй сезим сезсе, кээ бири чыйрыгат, ысыйт, көкүрөгү кысылып, жүрөгү тез-тез согот, көзүнө ар нерсе көрүнүп, кулагына түрдүү үндөр угулат. Кээде оорулуу тырманат, бир нерсени термелеп жыйнайт, бир орунда тегеренет. Оор талма кармаганда оорулуу капысынан эс-акылын жоготуп, булчуңдары карышып, колу, буту сунулат, кежигеси тырышат. Жаактары карышып, тили чайналат. Дем алуу булчуңдарынын тырышуусунан дем алуу бузулат, өңү кара көк тартып дене диртилдей баштайт, башын, чыканагын урунтуп алуусу ыктымал. Оозунан ак көбүк агат, айрым учурда тилин чайнап алгандыктан кан аралаш көбүк чыгат. Заара, заң эрксиз чыгып кетиши мүмкүн. Диртилдөө 1—2 мин. созулат. Талма кармап өткөндөн кийин оорулуу уктап калат. Талмасы кармаганы анын эсинде калбайт. Жеңил талма кармаганда адам бир нече секунда эс-акылын жоготот. Бул учурда оорулуу кээде өзү эмне болгонун билбей калат. Сүйлөп жаткан сөзү, кыймылы үзүлүп, колундагы буюмдар түшөт. Ал тез өтүп, акыл-эсине тез эле келет. Талма кээде психиканын бузулушу менен өтөт. Талманын бул оор түрүндө көзгө бир нерсе көрүнүп, кулакка угулуп, жөөлүйт. Ага кайрылган суроого жооп бербейт, максатсыз ары-бери басып, буюмдарды туш келди которуштурат, көңүлү чөгүп, ачуусу келет, тынчы кетет же көңүлү көтөрүңкү, шайыр болуп кетет. Кээде үйдөн чыгып, автобус, поездге түшүп, туш келди кетип калат. Талма тарагандан кийин эч нерсе эсинде калбайт, кантип башка жакка келип калганын билбейт. Дарылоону дарыгер жүргүзөт. Көпчүлүк учурда дарылоодон талма сейрек кармап, кээде толук токтолушу мүмкүн. Дарылоону мүмкүн болушунча эрте баштап үзгүлтүксүз жүргүзүү зарыл. Анткени дарылоо үзгүлтүккө учураса оору күчөшү мүмкүн. Оорунун сакайышы үчүн режимди туура сактоо (тузду, суюктукту аз пайдалануу, ичкилик ичпей, ысык күндөн сактануу, ызы-чуудан оолак болуу) талапка ылайык. Мындай оорулуулар ооруга түрткү болгон факторлордон сак болууга тийиш. Транспорт айдоого, от, ысык суюктук менен иштегенге жана кыймылдоочу механизмдерде иштөөгө болбойт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8