Тал-Чоку

Википедия дан

Тал-Чоку"Манас" эпосундагы топоним. "Манас" эпосунда тоонун эң бийик чокусу катары сүрөттөлөт. Ушул жерден элдик баатырлар эпикалык душмандын кайда экендигин аныкташкан. "Тал" деген сөз байыркы фарсы тилинен кыргыз тилине өтүп, "тал" — дөбө, бийиктик, чоку — деген маанисин жоготкон эмес. Б. а. "Тал-Чоку" — бийиктиктин бийиктиги, же чокунун-чокусу катары түшүндүрүлөт.

Т.-Ч. жөнүндө Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Чоң казаттын башталышында айтылган көркөм баяндама бар. Баатырлар чыккан Т.-Ч. эпостун поэтикалык текстинде:

Тоосунда кары бар,

Этек жагы өтөктө

Бийик чыккан талы бар.

Үстү аппак бурчтанат,

Тал-Чокуга барганда

Жыты жыпар жыттанат.

Таралган булак суусу бар,

Тегереги бек экен,

Ойлоп турса Тал-Чоку

Оорукка калар жер экен (Саякбай Каралаев, 2. 96)— деп сүрөттөлөт. Валиханов жазып алган эпизоддо да баатырлар Т.-Ч-да туруп эки жагын караганы эскерилет. "Такыядай Тал-Чоку Алчайып аган барган дейт" (Валиханов жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, № 7, 83-б.). Т-Ч. Багыш Сазановдун вариантында "Талгардын Тал-Чокусу, — деп айтылат. Чындыгында эле түштък-чыгыш Казакстандагы Иле Алатоосунун (Алматы облусунун аймагында) эң бийик чокусу "Талгар" деп аталат. "Манас" эпосунда сүрөттөлгөн эпикалык Т.Ч-да Манас баатыр чалгынга жол талашып турган Чубакты Алмамбет менен элдештирет. Т.-Ч-дан Манас Талас жана Бээжинге дүрбү салат. Таласта калган иннлерн Абыке, Көбөштүн дөбөгө чыгып дардактап, "Барса келбес Бээжинден Манас кайдан келсин деп" (Саякбай Каралаев, 2. 97) ич аласын сыртына чыгарып чатак чыгарганын, аны Каныкей басканын көрөт. Т.-Ч-дан дүрбү менен кытай жерин, элин көргөн Манас Алмамбеттен жөн-жайын сурайт. Т.-Ч-га келгенге чейин Алмамбет өзү туулуп өскөн эпикалык Бээжин калаасы тууралуу Манас баатырга эч билдирген эмес. Анын сыр жашырышынын себеби "кытайдын жолун билем десең" Манас алар менен согушам дейт, андыктан ага айтпа деген Каныкейдин суроо өтүнүчү боюнча айтпай жүргөн. Мурда бир нече жолу сурасам жолун билбеймин деп карганып койдуң эле деген Манастын тарынычынан улам Алмамбет кытай элинин көптүгүн, эрдигин, амалкөйлүгүн, ар өнөргө шыктуулугун жана башка өзгөчөлүгүн кеңири мүнөздөйт. Душман жеринин байлыгы, чек арасынын бекемдиги борбор Бээжиндин өтө күчтүү чеп экенин билдирген кызык аңгеме жана өзүнүн таржымал-тарыхын айтып берет. Алмамбет кытайдан качып келе жатканда ушул Т. Ч-га токтоп, кие чыккан атамдын жарым кандык чен тонун мобул жерге көөмп кеткемин деп көрсөтүп, аны казып алышат. Манас менен Чубак Т.-Ч-да калып, Алмамбет менен Сыргак кытай жерине чалгынга кетет. Т.-Ч-да Манас алп уйку менен уктайт жана аны Чубак найза менен санга эки эличе сайып ойготот. Географиялык реалияда Кыргызстан менен Казакстандын чектешиндеги чыгыш Тянь-Шандын бийик тоо чокуларынын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4