Тамак-аш концентраты

Википедия дан

Тамак-аш концентратытамак-аш азыктарынын аралашмасы; тамакты тез жана жөнөкөй даярдоодо колдонулат. Ага кирүүчү азыктар жегенге жараксыз катуу бөлүктөрүнөн тазартылып, майдаланат, бышырылып кургатылат, кээде пресстелет. Алар мыкты азык зат, жакшы сиңет, андан жасалган тамак даамдуу келет. Концентраттар көпкө сакталат, ташып жүрүүгө ыңгайлуу, ошондуктан экспедиция, талаа шарттарында пайдаланууга ыңгайлуу. Өнөр жайда даярдалган Тамак-аш концентратына эртең мененки кургак тамактар, биринчи жана экинчи тамак, таттуу тамактар, ундан даярдалуучу кондитер азыктары үчүн концентраттар, сүт концентраттары кирет. Балдарга арналган жана мүнөз тамактары үчүн атайын концентраттар да даярдалат. Эртең мененки кургак тамактарга атайылап даярдалган түрдүү акшактар (талкан, жүгөрү, буудай, күрүчтөн даярдалган) кирет. Түшкү тамак үчүн концентраттар жашылча, буурчак, акшак, макарондор, козу карын жана башкалар аралашма азыктардан даярдалат. Рецебине жараша ага эт, май, туз, татымалдар кошулат. Концентраттардын аш болумдуулугун жана даамын жакшыртуу максатында алардын айрымдарына натрий глутаматы жана белок гидролизаттары кошулат. Тамак-аш концентраты көбүнчө жылчыксыз жабылган идишке салынат. Идишке концентраттын составы, даярдоо ыкмасы, сактоо мөөнөтү жазылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8