Мазмунга өтүү

Тамга (аэропорт)

Википедия — ачык энциклопедия
Тамга аэропорту

IATA: жок (ТМГ)ICAO: UAFA
UAFA (Кыргызстан)
UAFA
Кыскача маалымат
Түрү жарандык
Өлкө  Кыргызстан
Ээси өкмөт
Тейленүүчү шаар Жети-Өгүз району
Жайгашкан жери Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу
ДД бийиктиги 5,655 ft / 1,724 m
Учуп-конуу тилкелери
Багыты Узундугу Төшөмү
m ft
18/36 850 2,788 Асфальт

Тамга аэропорту (англ. Tamga Airport) (IATA: жок (ТМГ), ICAO: UAFA) ― Жети-Өгүз районун тейлеген чакан аэропорт. Ал Жети-Өгүз районундагы Тамга кыштагынан 1,5 чакырым алыстыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан.

Тамга аэропорту 1930-жылдары Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кошумча конуу тилкеси катары иштей баштаган. Азыркы учуу тилкеси жана терминалы 1960-жылдары курулган. Учуу тилкеси АН-2 жана АН-28 учактарын жана алардын аналогдорун гана кабыл ала алат, инструменталдык конуу жабдыктары жок жана күндүзгү убакта гана иштейт.

Тамга аэропорту өлкөдөгү эң эски аэропорттордун бири болуп эсептелет. Ал Улуу Ата Мекендик согуштан кийин пайдаланууга берилген. Башында аскердик аэропорт катары иштеп, кийинчерээк жарандык максатта колдонула баштаган. Бул аэропорт «Манас» эл аралык аэропортунан да мурда иштей баштаган. Аэропорт учурда иштебейт, 1999-жылы толук иштен чыккан. Бул жерге акыркы жолу учак 1991-жылы конгон. Ал учак «Кумтөргө» учуп келген. Мурда бул аэропорт кадимкидей иштеп, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына жана кайра учуулар жүргүзүлгөн. Азыркы учурда расмий документтерде бул жай «Тамга» аэродромдук аянтча катары катталган. Аэропорт азыр иштебегенине карабастан, өз макамын сактап турат[1].

  1. Аэропорт "Тамга" держится на одном человеке (орусча). Азаттык. Текшерилген күнү 8 -июнь (кулжа) 2025.