Тамдыкул чокусу

Википедия дан
Тамдыкул, чокусу‎»‎ барагынан багытталды)

Тамдыкул чокусуАлай кырка тоосундагы чокулардын бири. Деңиз деңээлинен бийиктиги 5539 м. Кырка тоонун батыш тарабында жайгашкан. Чоку жылаңач кырдуу, батыш жана чыгыш капталдары тик. Анын батышында Арчабашы мөңгүсү жайгашкан. Негизинен силурдун сланец, кремний, кумдук тектеринен түзүлгөн.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2