Тамеки тизүүчү машина
Көрүнүш
Тамеки тизүүчү машина – тамеки жалбырагын ферменттөө жана кургатуу алдында механикалык жол менен жипке тизүүчү машина. Негизинен туруктуу орнотулма түрү колдонулат. Түзүлүшү: жылдыруучу жана белгилөөчү транспортёр, көзөгүч механизм, жипти жөнгө салуучу механизмдер. Тамеки тизүүчү машина тамекинин жалбырагы топ-тобу менен узунунан жыйналып машинадагы жылдыруучу транспортёрго коюлат. Жип белгилүү узундукка жеткеңде механизм токтоп жалбырак топтолот. К-700, T-150K тракторлоруна чиркелүүчү ТУН-4, КПГ-2,2, КПГ-250А маркасындагы ж. б. тамеки тизүүчү машиналар бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9