Тамерлан дарбазасы

Википедия дан

Тамерлан дарбазасыПамир-Алай тоо кыркасынын батышындагы Мальгузар кырка тоосунун (Өзбекстан) түндүк-батыш учу менен Нура-Тоонун ортосундагы тоо өткөөлүнүн эң кууш бөлүгү. Тамерлан дарбазасы аркылуу Санзар суусу агат. Дээрлик тик аскалар курчаган капчыгайдын жазылыгы 120–130 м; айрым жерлеринде 35-40 мгe чейин кууштайт. Асканын жогорку бөлүгүндө байыркы перс жазуулары (анын ичинде астроном Улугбектин буйругу менен жазылгандары да бар) сакталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]