Тамыр басымы (өсүмдүктөрдө)

Википедия дан

Тамыр басымы (өсүмдүктөрдө) – жер үстүндөгү органдарын суу менен камсыз кылууда (транспирация менен бирге) тамырдын өткөргүч түтүктөрүндө пайда болуучу басым. Негизинен тамыр түтүктөрүндөгү осмос басымы (демейде 1–3 атмосфералык басым) топурак эритмелеринин осмос басымынан жогору болгон учурда пайда болот. Ал күндүз жогорулап, түнкүсүн төмөндөп турат. Өсүмдүктү үшүк алып же ысык уруп, тиричилик касиети жоголгондо тамыр басымы нөлгө барабар болот. Өсүмдүктүн кыйылып же кесилип калган жеринен суунун чыгышы «өсүмдүк ыйы» тамыр басымына байланыштуу. Дагы бир кубулуш – гуттация да тамыр басымына байланыштуу деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]