Тао Юань Минь
Тао Юань Минь (башка аты – Тао Цянь) (365–427) – байыркы кытай акыны. Азыркы Цзянси провинциясынын аймагында туулган. Майда чиновниктик кызматтарда иштеген. Кырк жашында сүйүктүү карындашынан айрылгандан кийин жашоо-турмушка нааразыланып, ишин таштап, баш-оту менен айыл турмушуна сүңгүп кирет. 20 жылдан ашык жалгыздыкта жашаган. 6-кылымда аны «байыртадан азыркы күнгө чейинки календер акындардын баарынын баштоочусу» деп аташкан. Көптөгөн ырлары (160 сакталган) адеп-ахлактык проблемаларга арналып, дыйкан эмгегин, эркиндикти, теңдикти даңазалайт («Шарап ичкенде», «Түрдүү ырлар» циклдери ж. б.). Салттык формадагы ырларында жаңы, заманбап идеяларды чагылдырган. Кытай поэзиясына кыйла таасир тийгизген. «Беш тал» окумуштуунун турмушу философиялык көркөм прозасы жана «Шабдалы булак» деген утопиялык фантазиясы бар. Чыгармалары: Лирика. М., 1964; Стихотворения, М., 1972.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9