Тараки Нур Мухаммед
Нур Мухаммед Тараки (15-июль 1917, Мукур шаары – 9-октябрь 1979, Кабул) — Ооганстандын коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмери. Ошондой эле ал жазуучу, котормочу жана журналист катары да белгилүү болгон.
Ал Ооганстандын Демократиялык Элдик Республикасында маанилүү кызматтарды аркалаган. 1965–1967 жана 1977–1979-жылдары Ооганстан Демократиялык Элдик Республикалык партиясынын Борбордук Комитетинин генералдык катчысы болгон. «Хальк» фракциясынын лидери катары саясий ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бала чагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаш курагында жумушчу болуп иштеп, 1934-жылдан тартып Индиянын Бомбей шаарында жашап, ошол жакта орто мектепти аяктаган. Ал жерде англис тилин үйрөнгөн.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тараки жазуучу катары реалисттик ыкмада жазылган бир нече чыгармаларды жараткан. Аларда ооган дыйкандарынын, жумушчуларынын жана кол өнөрчүлөрүнүн жашоосу чагылдырылган. Эң белгилүү чыгармаларынын катарына «Банганын каңгуусу» (1958) жана «Жалгыз» (1962) кирет.
Саясий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Саясий ишмердиги 1940-жылдары башталган. 1950-жылдары өлкөнү демократиялаштырууну максат кылган «Ойгонгон жаштар» аттуу саясий топту жетектеген. 1965-жылы анын жетекчилиги менен Ооганстандын Элдик-демократиялык партиясы түзүлгөн. Тараки алгач 1-катчы, кийин 1977-жылы генералдык катчы болуп шайланган.
1978-жылы Саур революциясынан кийин, Революциялык советтин төрагасы жана премьер-министр болуп дайындалган. Бирок анын башчылыгы алдында жүргүзүлгөн социалдык-экономикалык реформалар эл ичинде каршылыктарды жаратып, жарандык кагылышууларга алып келген.
Өлүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1979-жылы Тараки жашыруун жол менен өлтүрүлгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9