Тарамдуулук
Тарамдуулук – тажрыйбада байкалган айрым физикалык чоңдуктар үчүн дүүлүгүү теориясында эсептелген туюнтмалардын чексиз чоң болуп калышына байланыштуу талаанын квант теориясы (ТКТ) аппаратынын математикалык кыйынчылыгынын кыскача аталышы.
Тарамдуулуктун эки түрү бар: төрт өлчөмдүү импульстар (Р) боюнча (б. а. үч өлчөмдүү импульстар жана энергия б-ча) кичине Р областында интегралдоодо пайда болуучу инфракызыл Тарамдуулук жана чоң Р областында ультракызгылт-көк Тарамдуулук Инфракызыл Тарамдуулуктар массасыз алыстан аракеттешүүчү, мис., электр-магниттик талаалар катышуучу өз ара аракеттешүүлөр үчүн типтүү жана булактан чоң аралыкта электр-магниттик потенциалдын акырындашы менен шартталган классикалык электр-динамиканын кыйынчылыгын чагылдырат. Ультракызгылт-көк Тарамдуулуктар салыштырма талаалардын бардык өз ара аракеттешүүлөрүнө таандык жана алардын чектик мүнөзү менен шартталган. Бул Тарамдуулуктар чекиттик заряддарды (мис., чекиттик электрондун чексиз өздүк энергиясы) кароодо классикалык электр-динамиканын кыйынчылыктарынын чагылышы жана жалпыланышы болуп эсептелет. Өз учурунда ультракызгылт-көк Тарамдуулуктун болушу талаанын квант теориясынын, б. а. квант электр-динамикасынын өнүгүшүндө кыйла тоскоолдук болду. Аларды коррективдүү талкуулоо жана тажрыйбада байкалган чоңдуктар үчүн туюнтмаларды теориядан четтетүү 40-ж-дын аягында кайра нормалоо ыкмасынын түзүлүшүнүн натыйжасында мүмкүн болду.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0