Мазмунга өтүү

Таранто

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Таранто
Желек Герб
Желек Герб
Апулия облусуИталия
Координаттар40°28′ с. ш. 17°14′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшүТаранто провинциясы
МэрРинальдо Мелуччи
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги15 м
Климатынын түрүЖер ортолук деңиз климаты
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тилиИталян тили
Калкы189 143 адам (2023)
Улуттук курамыИталиялыктар
Диний курамыКатолицизм
ЭтнохоронимТарантонезе (Тарантолуктар)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+39 099
Почта индекси74100
Автоунаа кодуTA
Сайты[https://www.comune.taranto.it шилтеме]  (итал.)
Таранто (Италия)

Таранто — Италиянын түштүгүндө жайгашкан порттук шаар. Ал Апулия облусунун курамындагы Таранто провинциясынын административдик борбору болуп эсептелет.

2023-жылкыгы карата 189 143 адам жашайт.

Таранто шаарынын негизделиши

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таранто шаары б.з.ч. 706-жылы Спарталык гректер тарабынан негизделген. Байыркы булактарга, анын ичинде Евсевий Кесариялыкка ылайык, бул шаарды Фалант аттуу жетекчи негиздеген. Ал Спартадагы "партеной" деп аталган топту башкарып, Апулиянын Иония жээгине көчүп келүүгө мажбур болгон.

Шаарды негиздөө процесси ар кыл ритуалдар жана кеңешүүлөр менен коштолгон. Делфи оракулунан алынган пайгамбарчылык боюнча: "ачык асман алдында жаан жаайт". Бул жышаан Фаланттын эжеси Эйтранын көз жаштары менен түшүндүрүлөт. Андан кийин алар жолду таап, Фалант жана ага ишенгендер өз ордун тапты деп эсептелген.

Таранто негизделгенден кийин Иония деңизинин эки бөлүгүнүн — Чоң деңиз менен Кичине деңизди ортосунда жайгашкан. Шаар стратегиялык жактан маанилүү болуп, атайын пландоо менен курулган. Анын курамында акрополь (шаардын борбордук бөлүгү), агора (базар) жана некрополь (мазар) бар болчу.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий сайт

Таранто тарыхы