Тарбиянын максаты

Википедия дан

Ар кандай эле коомдун, элдердин эл ичиндеги топтун, уюмдун же таптын келечеги өсүп келе жаткан жеткинчектердин алган таалим тарбиясына жараша болот. Ошондуктан коом өлкө, ар бир эл, ар кандай эле өкмөт, түрдүү уюм же тап жаш муундарды окутуу жана тарбиялоо жөнүндө өзгөчө кам көрөт. Адам коому өзү жыйнаган бай турмуштук тажрыйбасын, билим кенчин, ишенимин, тиричилик үчүн зарыл материалды өндүрүү усулдарын улам жаш муундарга тарбия аркылуу гана бере алат. Жаштарды рухий жана дене жагынан жетилдирип, коомдук жүрүш-туруштун ыктарына аларды тарбиянын негизинде гана үйрөтөт Адамдын ишмердүүлүгү өтө эле көп кырдуу. Анын көп кырдуу ишмердүүлүгүнүн бири - тарбия. Тарбия - бул философиялык тил менен айтканда түбөлүктүү категория.
Анткени ал адам коому айбанат дүйнөсүнөн бөлүнгөн биринчи учурунан баштап эле аны коштоп келе жатат. Коом канча жашаса , тарбия ошончо жашайт. Тарбия ишинен оолак богон бирда пенде болбойт. Ар кандай эле пенде же тарбиялануучу , же тарбиячы катарында тарбиянын таасирине дуушар болот. Адамдын баардык эле иши ан-сезимдүү. Демек тарбия деле ан-сезимдүү ишмердүүлүк. Ар бир жеткинчектин келечекте кандай адам болоору, ким болоору, кандай коомдук же жеке кызыкчылыктарды коргоп, кантип жашаары так ушул тарбиянын максатына жараша болот.
Тарбиянын максаты жалпы мүнөздө да жеке мүнөздө да болот. Тарбиянын максаты даана, так, ачык аныкталып, аны жүзөгө ашыруу үчүн астейдил киришкен астейдил аракет болууга тийиш. Ансыз тарбия эч кандай натыйжа бербейт. Тарбиянын максаттуулугуна элдик педагогика бөтөнчө көнүл бөлгөн: "Жакшы ниет жарым ырыскы" деген эл макалы буга эн сонун күбө. Тарбиянын максатын ишке ашырууну эл өтө эрте башта, "Баланы - жашынан" деген тыянакка келген. Тарбиянын максаты жөнүндөгү илимди педагогика илими изилдейт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Педагогика" Бишкек - 2002
Б.Апыш.Д.Бабаев, Т.Жоробеков.