Таржылга көмүр кени
Көрүнүш
Таржылга көмүр кени Ош облусунун Өзгөн районунда, Жазы (Яссы) суусунун оң жээгинде, Өзгөн ойдуңунун четинде, Кенче 1935-жылдан белгилүү. Көмүр зындан свитасынын минтур катмарчасы менен байланышкан. Бардыгы 4 кабат аныкталган, алардын ичинен бир кабат кээ бир жерлеринде жумушчу калыңдыкка ээ. Анын калыңдыгы 0,14–0,40 мден 1,80–2,19 мге чейин, тереңдеген сайын жукарып жок болот. Күлдүүлүгү 22,93–27,65%, күйүү жылуулугу 29,70 МДж/кг. 100 м терендикке чейин жакындатылган болжол ресурсу 261 миң т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7