Тарифтик жеңилдиктер (тарифтик преференциялар)
Көрүнүш
Тарифтик жеңилдиктер (тарифтик преференциялар) – КРдин бажы чегарасынан өтүүчү товарларга карата өзара макулдашылган шарттарда же бир тараптуу берилүүчү жеңилдиктер; мурда төлөнгөн алымдарды кайтарып берүү; алымдардан бошотуу, анын ставкасын азайтуу; товарды преференциалдык ташып кирүүгө/ташып-чыгууга тарифтик квоталар. Товарларга карата Т. ж. КР бажы мыйзамдарында белгиленет жана жекече мүнөзгө ээ болуусу мүмкүн эмес. Жеңилдиктерди берүү тартиби КР ЖК тарабынан аныкталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7