Тармак (компьютер тармагы)

Википедия дан

Тармак (компьютер тармагы) – маалыматты жана жабдууларды биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бири-бири менен байланышкан бир нече компьютер же башка түзүлүштөр. Эки же андан көп тармак бир-бири менен туташтырылса, анда алар интернет (кичине арип менен) деп аталат. Интернет (чоң арип менен) термини маалыматтарга жана кызматтарга жетүүгө мүмкүндүк берген дүйнө жүзүндөгү байланышкан тармактардын тобун баяндоо үчүн колдонулат. Интернет берилиштерди алып пакет деп аталган өзүнчө бөлүктөргө бөлөт жана пакеттерди компьютер жете турган даректин ээсине оптималдуу маршрут менен жиберет. Берилиш болуп, электрондук почта билдирүүсү, файл, документтер эсептелет. Ар бир пакет берилишти жана жиберилүүчү орундун дарегин, белгиленген орунга кайталап жиберүүдө пайдаланылган маалыматтар удаалаштыгын камтыйт.

Байланыштуу макала[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]