Тарса

Википедия дан

Тарса (иранча христиан) — этноним. "Манас" эпосунда мындай айтылат:

Дүнүйө жүзү бузулган, —

Суудай акты кызыл кан.

Кыргыз, тарса кыйла эл

Кызыл кан агып, болду сел (Курама вариант, 1. 157).

Мында Т-лар кыргыздарга максатташ эл катары берилген. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Т-лар Көкөтөйдүн ашына келген жөөт жана башка элдер менен катарлаш айтылып кетет:

Журттун баары чогулуп

Болжогон жерге барганы,

Тарса, жөөт, сакалат,

Аягы барып бул иштин

Ат келишке такалат (Сагымбай Орозбаков, 3. 263).

Т. деп Борбордук Азиядагы түрк-моңгол элдери христиан дининен бөлүнүп кеткен несториан дининдегилер Т. деп аталган. Б. з. 5-кылым христиан дининин мазмунун башкача түшүндүрөм деген Нестоирий аттуу адам жана аны колдогондор христиан дининдеги өлкөлөрдөн куулушкан. Куулгандар көбүнчө Иран, Орто Азия жана Кытайга качып баш калкалашкан. Ошондон кийин христиан мамлекеттеринен куулган несториандыктар өз динин Азия мамлекеттеринде кеңири жайылта башташкан. Алардын көчүп турган кези Моңгол империясы алдуу-күчтүү болуп турган мезгилдерге туура келет. Мисалы, Батый кан несториан динин колдоп алардын өкүлдөрүн жанынан чыгарбай алып жүргөн. Т-лардын археологиялык эстеликтери Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да кездешет. Ошондой эстеликтердин бири 12 — 14-кылымдарга таандык болгон турак жайлардын же шаарчанын урандылары Чүй өрөөнүндөгү Кара-Жыгач айлына жакын жерде Тарсакент деген ат менен белгилүү. Т. термини эне-сайлык байыркы кыргыздар турушкан азыркы Хакасиянын топонимиясында чагылдырылган. Бул жерлерде Тарс же Тарсон аттуу суунун жана айылдын аты калган. Демек, Т. несториан динин кабыл алган же колдогон түрк-моңгол урууларынан турган элдердин бирикмесинин орто кылымдардагы аты болгон.

Т-ларга кыргыздардын бир бөлүгү да (орто кылымдарда) кириши мүмкүн. Эпостун төмөндөгү саптары Т. деген сөздүн динге байланыштуу келип чыкканын айгинелейт:

Калмак, кытай, тарса, жөөт,

Карап турган канча көп.

Өз дининче окунуп

Күн чыгышка бет алып

Көкө-теңир колдо деп

Батасын кылды чокунуп (Сагымбай Орозбаков, 3. 186).

Мында Көкө-теңир деп түрк-моңгол элдеринин кудайы айтылганы менен, "Батасын кылды чокунуп" деп христиандардын чокунган расмисин айтып жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4